Launch a targeted campaign. Scale your infrastructure with our simple service.
Days
Hours
Minutes
Seconds
Learn more
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
Кыргыз Улуттук “Манас” театры
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору
Түрк маданияты жана мурасы фонду
Иш-чаранын уюштуруучулары:
“Рух-Санат” фестивалы – дүйнөнүн бардык бурчунан келген профессионалдарды, чеберлерди, изилдөөчүлөрдү жана салттуу маданият ышкыбоздорун бириктирген чыгармачылыктын, диалогдун, шыктануунун жана өз ара аракеттенүүнүн жандуу мейкиндиги. Катышуучулардын жалпы максаты— салттуу маданияттын бай мурасын сактоо жана өнүктүрүү, нукура музыкалык искусствону жаңы муундарга өткөрүп берүү жана дүйнөдөгү маданий көп түрдүүлүктү колдоо.
Байланыш маалыматтары: Электрондук почта: ruhsanatfestival@gmail.com Телефон: +996(557) 102 070
Калыстар тобу Сынакты баалоо үчүн ар башка мамлекеттердин өкүлдөрүнөн, 7 адамдан турган эл аралык калыстар тобу түзүлөт. Калыстар тобунун курамын Уюштуруу комитети бекитет.
Калыстар тобу жашыруун түрдө он упайлык система менен добуш берет. Чечим кабыл алууда добуштар тең чыкса калыстар тобунун төрагасынын добушу артыкчылыкка ээ.
Калыстар тобу кээ бир байгелүү орундарды ыйгарбоого же байгелүү орунду бир нече катышуучуларга берүүгө укуктуу.
Калыстар тобунун чечими анын бардык мүчөлөрү кол койгон протокол менен бекитилет.
Атайын сыйлыктар уюштуруучулар, чыгармачыл союздар, фонддор, мамлекеттик, коомдук мекемелердин атынан жана башка уюмдар тарабынан белгилениши, демөөрчүлөр тараптан ыйгарылышы мүмкүн. Сынактын ар бир катышуучусу дипломдор менен сыйланат.
Катышуучуларды баалоо критерийлери:
чыгарманын нукуралуулугу;
аткаруу чеберчилиги;
этностун байыркы үлгүдөгү улуттук кийимдери жана сахна маданияты.
Катышуу шарттары: Катышуучулар сынактын тандоо туруна өзү тууралуу маалыматты жана чыгарманын (композициянын) аудио-видеосун жөнөтүшү керек. Сынакта аткарыла турган чыгарма 15 мүнөттөн ашпоосу зарыл.
Тандоо турунда жана сынакта соло аспаптар же аткаруучунун авазы “плюс” болуп жазылган фонограмманы колдонууга тыюу салынат. Катышуучулар чыгармаларды жандуу аткарууга тийиш.
Тандоо туруна катышуучулар өздүк анкетасын (Тиркеме №1-1) жана чыгармаларын 2025-жылдын 1-июнуна чейин төмөнкү электрондук дарекке
ruhsanatfestival@gmail.com жөнөтүшү зарыл.
Эл аралык сынак оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону алып жүрүүчү жеке аткаруучулар жана чыгармачылык топтор (аваздык-аспапчылык багытта) арасында өтөт. Сынакка 18 жаштан жогору профессионал-музыканттар катыша алат. Чыгармачылык топтун (группанын) курамындагылар жеке аткаруучулар арасындагы сынакка катыша албайт.
АНКЕТА-АРЫЗЫ
Дүйнөлүк “Рух санат” салттуу маданият жана музыка фестивалынын алкагында өтүүчү сынактын катышуучусунун