Дүйнөлүк “Рух санат” салттуу маданият жана музыка фестивалынын алкагында өтүүчү эл аралык конгресстин жобосу
20:20:20:20
секунд
мүнөт
саат
Күн
1-3-август 2025-жыл Ыссык-Көл
“Рух-Ордо” маданий-этнографиялык комплекси
Ruh-Sanat эл аралык илимий-конгресси
Our Website is Almost Ready
Launch a targeted campaign. Scale your infrastructure with our simple service.
Days
Hours
Minutes
Seconds
Learn more
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
Кыргыз Улуттук “Манас” театры
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору
Түрк маданияты жана мурасы фонду
Иш-чаранын уюштуруучулары:
Фестивалдын алкагындагы Конгресс - дүйнө элдеринин оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствосун таанууга жана жайылтууга, салттуу маданият аркылуу этностордун достугун бекемдөөгө, туризмди өнүктүрүүгө, искусствонун түрлөрү менен катар этномузыка жаатындагы илимий изилдөөлөр, долбоорлор үчүн аянтча түзүүгө багытталган.
Конгресстин катышуучусунун (транспорт, жатакана, тамак-аш) чыгымдарын жөнөтүүчү тарап каржылайт. Атайын чакырылган баяндамачылардын (транспорт, жатакана, уюштуруучу тарап каржылайт.
Конгресске төмөнкү секцияларга илимий баяндамалар кабыл алынат: 1.Маданий мурастарды изилдөө: тарыхый, философиялык, социалдык ж.б. аспектилерде;
2.Салттуу маданияттын (фольклор, кол өнөрчүлүк, этнодизайн, улуттук оюндар, тамак-аш ж.б.) теориялык-практикалык маселелери, искусствонун (музыка, сүрөт, кино, музей, адабият, театр, ж.б.) түрлөрүндө чагылдырылышы.
3.Фольклор жана оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун теориясы: эволюция, трансформация, келечек маселелери. Конгресстин жумушчу тилдери: кыргыз, орус, англис. Өтүнмөлөр (заявка) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борборунун электрондук дарегине 2025-жылдын 20-майына чейин кабыл алынат: ctcanankr@gmail.com Электрондук кат жөнөтүүдө “Тема” бөлүмүндө “Рух-Санат” КОНГРЕСС, баяндамачынын аты-жөнүн жазуу зарыл. Каттоо формасы баяндаманын толук тексти жана кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылган (100-110 сөздөн кем эмес) кыскача аннотация менен бирге жөнөтүлөт. Байланыш телефондору: (+996) 557 102070 (WhatsApp) | (+996) 507 102070,
Формат: оффлайн, онлайн.
Конгресстин максаты – дүйнө элдеринин оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствосун таануу, жайылтуу жана этностордун карым- катнашын салттуу маданият, билим, илим аркылуу бекемдөө, илимий ишмердүүлүктү арттыруу, окумуштууларга баарлашуу аянтчасын түзүү. Конгресстин иши Маалымат катка ылайык уюштурулат.
КАТЫШУУЧУНУН ӨТҮНМӨСҮ
Макаланын түзүмү: Макала УДК индексинен башталат, андан кийин макаланын аталышы, автордун аты-жөнү жана фамилиясы, иштеген мекемесинин толук аты, кыскача аннотация (200 сөздөн кем эмес) жана ачкыч сөздөр (8-10 сөз) жазылат. Маалымат кыргыз, орус, англис тилдеринде (бардык авторлор үчүн) даярдалыш керек.
Макалаларды талапка ылайык келтирүү: 1.Макаланын тексти электрондук форматта берилет. Файлдын атында автордун аты-жөнү жазылат (эгерде авторлоштор болсо – биринчи башкы автордуку жазылат).
2.Макаланын УДКсы биринчи беттин жогорку сол бурчунда көрсөтүлөт.
3.Макаланын аталышы макаланы жазуу максаттарына ылайык келип, ачык- айкын жана маалыматтуу болушу керек (кыргыз, орус, англис тилдеринде).
4 Аннотация (200 сөздөн кем эмес) – кыргыз, орус, англис тилдеринде. Аннотацияда макаланын темасы, максаты, жыйынтык, корутунду болуусу шарт.
5 Ачкыч сөздөр жана сөз айкаштары – (8-10 сөз) кыргыз, орус жана англис тилдеринде жөнөтүлөт. Ачкыч сөздөр жана сөз айкаштары үтүр менен ажыратылат. Кыскартууларды, абревиатураларды колдонууга жол берилбейт.
6 Басма түрүндөгү макаланын көлөмү 5-10 бетти түзөт, баяндаманын тексти 5 бетке чейин, Microsoft Word текст редакторунда терилген, шрифт - Times New Roman, өлчөмү - 14, абзацтык чегинүү - 1,25 см; сап аралыгы – 1.0., четтери: жогорку – 2,0 мм, төмөнкү – 2,0 мм, оң – 2,0 мм, сол – 2,0 мм.
7 Макаланын аталышы: – Тиркеме 2-2.
8 Адабияттардын тизмеси: – Тиркеме 2-3.
9 Макаланын негизги текстин бөлүмдөргө бөлүү зарыл (киришүү, негизги бөлүк, изилдөө жыйынтыктары, адабияттар,).
10 Таблицалар, диаграммалар, сүрөттөр форматтоого мүмкүн болгондой берилиши керек (которуу үчүн зарыл), мисалы: 1-сүрөт. Сүрөттүн аталышы; Таблица 1, Таблицанын аталышы.
11 Тексттеги шилтемелер чарчы кашада берилет, мисалы [1, б.34].
12 Макалага тийиштүү шифр боюнча адис (илимдин доктору же кандидаты) рецензенттин кол тамгасы, иштеген жеринин мөөрү коюлган тышкы рецензия тиркелет.
13 Англис тилиндеги макалалар үчүн орус тилиндеги кыска котормо берилиши керек. Автор (авторлор) макаланын которулган версиясынын мааниси үчүн толук жооптуу.
Редакция мыйзам талаптарына карама-каршы келген, жыйнактын деңгээлине же темасына дал келбеген, туура эмес маалыматтарды камтыган макаланы четке кагуу укугуна ээ. Редакция четке кагылган макалалардын авторлору менен кат жазышпайт.
Конгресстин жумушчу тилдери – кыргыз, орус жана англис тилдери.